Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-февралы № 4-4/1
Ноокат райондук жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ассоциациясынын 2013-жылдын 19-январындагы чыгуу №12 сандуу катын аткарууга алуу жөнүндө
Ноокат райондук жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ассоциациясынын 2013-жылдын 19-январындагы чыгуу №12 сандуу катын окуп жана талкуулап Жайыт пайдалануучулардын жайыт акыларынын төлөмдөрүн бирдей баага келтирүү максатында Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт акыларынын төлөмдөрү төмөндөгүдөй: эчкилерге сезондо 119,0 сом, айына 17,0 сом, койлорго сезондо 63,0 сом, айына 9,0 сом, кара-малга сезондо 119,0 сом, айына 17,0 сом, жылкыларга сезондо 119.0 сом, айына 17,0 сом болуп бекитилсин.
2. Ноокат райондук кеңешинин 2011-жылдын 26-декабрындагы тез жетилүүчү тал-теректерди эгүү максатындагы айылдык кеңештердин токтомдорун бекитүү жөнүндөгү № 19/4 токтому боюнча кошумча тез жетилүүчү дарактарды эгүү тапшырмаларын аткаруу үчүн иш-чараларды түзүү жана аны аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине жана жайыт комитетинин төрагасына тапшырылсын.
3. Кыргыз Өкмөтүнүн 17-август 1992-жылдагы № 403-токтомунда «Жер кыртышынын асылдуулугун бузгандыгы», 7-сентябрь 2004-жылдагы «Токой жана коомдук жайлардагы дарактарды кыйгандыгы» жөнүндөгү № 668-токтомдорун аткарууга алуу жагы Жайыт комитетинин төрагасы О.Орозовко милдеттендирилсин.
4. Айылдык округдун аймагындагы жайыттардын дегерадация болуусуна жол бербөө, жайыт акыларын өз убагында өндүрүү, мал ылаңдарын алдын-алуу, жакынкы, алыскы жайытка чыгуу мөөнөтүн белгилеп алуу жана башка жумуштарды жүргүзүү максатында жайытка чыкчуу атайын жерлерге постторду уюштуруу ветеринарлар менен жайыт комитетинин инспекторлоруна тапшырылсын.
5. Жайыт комитетинин 2013-жылга бюджети киреше бөлүгү 234,0 чыгаша бөлүгү 234,0 болуп бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Жер, айыл, суу чарба, муниципалдык менчик жана жаратылышты коргоо» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|