Редакцияот 28.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык округунун кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги төртүнчү сессиясы

 

2013-жылдын 28-февралы № 4-4/3

Абдыкалык кызы Ыкыбалдын арызы тууралуу жөнүндө

Кеңеш айылдык аймагынын Шаңкол айылынын тургуну  Абдыкалык кызы Ыкыбал ОшМУнун медициналык факультетинин 6-курсун аяктап, эки жылдык практикасынын (ординатура)  50 пайызын төлөп берүү тууралуу жазган арызын  угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айылдык аймагынын Шаңкол айылынын тургуну Абдыкалык кызы Ыкыбалдын  арызы канаттандырылсын

ОшМУнун медицина факультетинин студенти Абдыкалык кызы Ыкыбалдын 6 жылдык окуусунун келишим баасы аяктагандыктан,  эки жылдык практикасынын (ординатура) 50 пайызы айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.

Акча каражатын таап берүү жагы ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовко тапшырылсын.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абжалиев К  жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

М.А. Ташбаев