Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-апрели № 5-3
Кеңеш айылдык округунун аймагында «Айыл радиосу» коомдук фондун ачуу боюнча
Кеңеш айылдык округунун кеңешинин депутаттары айыл өкмөтүнүн соц.кызматкери Б.Парпиеванын « Айыл радиосу» коомдук фондун ачуу боюнча долбоорго уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык аймагындагы «Айыл радиосу» коомдук фондун ачуу боюнча долбоор жактырылсын жана колдоого алынсын.
Айыл өкмөтү тарабынан бөлмө бөлүп берүү менен косметикалык ремонт иштери үчүн акча каражаты ажыратылып берилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин «Социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана дин иштери» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Анарбай уулу Амирбекке тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|