Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-апрели № 5-4
Байыш айылчасындагы долбоор аркылуу ишке ашырылып жаткан балдар бакчасын муниципалдык менчикке алуу жана аны курууга жер ажыратып берүү жөнүндө
Кеңеш айылдык округуна караштуу Байыш айылчасына балдар бакчасын муниципалдык менчикке алуу жана аны куруу үчүн айыл өкмөтүнүн КБФнун жеринен жер участогун ажыратып берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байыш айылчасына долбоор аркылуу курулуп жаткан балдар бакчасы муниципалдык менчикке алынсын жана балдар бакчасын куруу үчүн айыл өкмөтүнүн КБФнун жеринен жер участогу ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылып берилген жер аянтына тиешелүү иш-кагадарын даярдоо жагы жер адисине, айыл башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбердиевке жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|