Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 6-1
Бюджетке өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кеңеш айыл өкмөтүнүн зарыл түрдө аткарууга туура келген иштерине бюджетти кароодо акча каралбай калгандыктан, максатсыз иштетилип калбоосу үчүн акча карап, бюджетке өзгөртүү киргизип берүүнү суранган сунушун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттен Жеткинчек-Кеңеш балдар бакчасына 20.0 м.с, жолдун ремонтуна 58,0 м.с., оорукананын физ.кабинетине 20,0 м.с, архитектуралык чыгымдарга 15,0 м.с акча каражаты ажыратылып берилсин.
Айылдык кеңештин иш кагаздарына, компенсациялык төлөмдөрүнө, кабинет жасалгалоосуна жана башка иштери үчүн бюджеттин 60,0 м.с. акча каралсын.
Жогорудагы акча каражаттарын бюджеттин айылдарга бөлүнгөн бөлүктөрүнүн зарыл эмес бөлүктөрүнөн которуп берүү менен таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовко тапшырылсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абжалиев К тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|