Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 6-2
Электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды жоюууга жардам берүү тууралуу
Электр энергиясына болгон карыз боюнча биздин айыл өкмөтүбүз алдыңкы орунда тургандыктан карыздарды жоюуу боюнча жардам берүү максатында Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ар бир депутат өздөрүнүн участкасын тейлеген электр текшерүүчүлөргө жакындан жардам берүүсү милдеттендирилсин.
2. Туура эмес түзүлгөн актылардагы карыздарды жоюууда айыл башчылар менен биргеликте иш алып барышсын.
3. 1000 сомдон ашык карызы бар абоненттердин электр линияларын кыркуу жагы электр кызматкерлерине тапшырылсын.
4. Карызын төгүүдөн баш тарткан атуулдарды участкалык инспекторго жазып берүүнү уюштурушсун.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов О тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|