Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 6-3
Шаңкол-сай СПАсынын аткарып жаткан иштеринин абалы тууралуу
Шаңкол-сай СПАсынын жетекчиси Эрматов Асандын аткарып жаткан иштери жана көйгөйлүү маселери тууралуу кеңеш айылдык кеңешине берген отчетун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаңкол-сай СПАсынын жетекчисинин жаңы экендиги эске алынсын.
2. Ижарага берилген жерлердин суу акыларын өндүрүүгө көңүл буруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл башчыларга жүктөлсүн.
3. Суу акыларынан түшкөн акчаларга эле карап олтурбастан долбоорлор менен иштөөгө көңүл буруп, ишти жандандыруу жагы СПАнын жетекчиси А.Эрматовко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов О тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|