Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 6-4
Байыш айылчасына статус берүү тууралуу
Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Куу-майдан айылынын Байыш участкасында жашаган атуулдардын Байыш участкасына өзүнчө айыл статусун алып берүү тууралуу жалпы жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Куу-майдан айылынын Байыш участкасында жашаган атуулдардын Байыш участкасына өзүнчө айыл статусун алып берүү тууралуу жалпы жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Куу-майдан айылынын Байыш участкасына өзүнчө айыл статусун берүү тууралуу сунушту Жогорку Кеңешке жөнөтүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Тиешелүү документтерди даярдап жөнөтүү жагы айыл башчысы С.Жумабаевке жана айылдык кеңештин депутаты Н.Кудайназаровко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык,маданий,билим берүү,миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Анарбек уулу А тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|