Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 6-5
Эгин талаасына түшкөн малдардын ээсине жана суу түтүктөрүн тешкен атуулдарга карата чара көрүү тууралуу
Эл тарабынан депутаттарга наказ катары берилген «Эгин талаасына түшкөн малдардын ээсине жана суу түтүктөрүн тешкен атуулдарга карата чара көрүп берүү тууралуу» кайрылган көйгөйлүү маселелерин угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эгин талаасына түшкөн малдардын ээсине жана суу түтүктөрүн тешкен атуулдарга 1000 (миң) сом айып салынсын жана үчүнчү жолу түшкөн мал союууга алынып, эти балдар бакчаларына таркатылып берилсин деген сунуштар элдин талкуусуна коюлсун.
2. Ар бир депутатка сунушту өз участкаларында талкуулап, жыйналыштын протоколун алып келүүсү милдеттендирилсин.
3. Сунуш эл тарабынан колдоого алынгандан кийин күчүнө кирери эскертилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук, миграция, туризм, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ташматов Т тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|