Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 6-6
Айыл өкмөтүнүн борбордук жолунун ремонтун өткөрүп алуу боюнча түзүлгөн комиссиянын курамын бекитүү тууралуу
Айыл өкмөтүнүн Ноокат-Көк-Бел жолунан тартып, Шаңкол айылына чейинки борбордук жолдун ремонтун өткөрүп алуу боюнча түзүлгөн комиссиянын курамын бекитүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн борбордук жолунун ремонтун өткөрүп алуу боюнча төмөндөгүдөй беш кишиден турган комиссиянын курамы бекитилсин:
a. Жакыпов М -Шаңкол айылынын депутаты, комиссиянын төрагасы.
b. Абжалиев Камбар-Арбын айылынын депутаты, комиссиянын төрагасынын
орун басары.
Мүчөлөрү:
c. Өмүрзаков А-Арбын айылынын айыл башчысы.
d. Абдыманап уулу К-Шаңкол айылынын аыл башчысы.
e. Абдибаит уулу Марат-Шаңкол айылынын депутаты.
2. Жолдун ремонтунун сапатына көңүл буруу менен өткөрүп алуу актысын түзүү жагы комиссия мүчөлөрүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов О тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|