Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-сентябры № 7-1
Туруктуу комиссиялардын иш-планын бекитүү жана алардын ролун жогорулатуу тууралуу
Кеңеш айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялардын иш-планын бекитүү жана алардын ролун жогорулатуу тууралуу маселени угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2013-жылдын 2-жарым жылы үчүн түзүлгөн иш-пландары бектилсин.
2. Туруктуу комиссиялардын ишин жандандыруу боюнча негизги милдеттерди аткарып туруу жагы төрагаларына жүктөлсүн.
3. Иш-пландарында көрсөтүлгөн иштерди аткарууга алуу жана айылдык кеңештин төрагасы тарабынан берилген тапшырмалардын өз убагында аткарылып турушун көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиянын төрагаларына тапшырылсын.
4. «Социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана дин иштери» боюнча туруктуу комиссиянын аткарып жаткан иштери канаттандырарлык экендиги белгиленсин.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|