Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-сентябры № 7-2
Ысырапкерчиликти жана коомго каршы келе турган ырым-жырымдарды кыскартуу боюнча түзүлгөн комиссиянын жүргүзүлүп жаткан иштерин күчөтүү тууралуу
Ысырапкерчиликти жана коомго каршы келе турган ырым-жырымдарды кыскартуу боюнча түзүлгөн комиссиянын жүргүзүлүп жаткан иштерин күчөтүү тууралуу коюлган маселени угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысырапкерчиликти жана коомго каршы келе турган ырым-жырымдарды кыскартуу боюнча иштерди күчөтүү максатында төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлүп, бекитилсин. (курам тиркелет)
2. Байыш жана Сарава участкаларындагы ысырапкерчиликти жана коомго каршы келе турган ырым-жырымдарды кыскартуу боюнча кечиктирилгис иштерди алып баруу жагы комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
3. Ашыкча ысырапкерчилик жана коомго каршы келе турган ырым-жырымдарды бир гана өлүм-житимде эмес, аш-тойлордо да кыскартуу боюнча иштерди алып баруу жагы комиссияга тапшырылсын.
4. Аткарылган иштер боюнча айылдык кеңештин сессиясына маалымат берип туруу жагы комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык,маданий,билим берүү,миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Анарбек уулу А тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|