Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 – жылдын 27 – февралы № 3/7
Ынтымак айылдык кеңешинин Ынтымак айылынын Өзбекистан Республикасы менен чектеш жайгашкан Каримберди бөлүмүнө айылдын статусун берүү жөнүндө
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы сессиянын күн тартибиндеги “Ынтымак айылдык кеңешинин Ынтымак айылынын Өзбекистан Республикасы менен чектеш жайгашкан Каримберди бөлүмүнө айылдын статусун берүү жөнүндө” маселени карап жана талкуулап Каримберди бөлүмү Өзбекистан Республикасы менен чектеш жайгашкандыгын эске алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айылдык Кеңешинин Ынтымак айылынын Каримберди бөлүмүнүн тургундарынын 2013 – жылдын 16 – майындагы “Ынтымак айыл өкмөтүнүн Каримберди бөлүмү Өзбекистан Республикасы менен чектеш жайгашкандыгына байланыштуу айыл статусун берүү тууралуу” № 1 протоколу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Каримберди айылына айыл статусун берүү боюнча сунушун сунуштоо жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Ынтымак айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Усонов. |