Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 – жылдын 27 - февралы № 3/8
Ынтымак айылдык округунун 2012 – жылга бюджетинин аткарылышы боюнча отчеттун угуу жана 2013 – жылга бюджетин, 2014-2015 – жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы Ынтымак айылдык айылдык округунун 2012 – жылга бюджетинин аткарылышы боюнча отчеттун угуу жана 2013 – жылга бюджетин, 2014-2015 – жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айылдык округунун 2012-жылга бюджетинин аткарылышы 21763.3 миң сомго, 2013 – жылга бюджети 26174.5 миң сомго жана 2014-2015 – жылдардын бюджетинин долбоору бекитилсин.
2. Бекитилген Ынтымак айыл округунун бюджетин максатка ылайык пайдалануу жана аткарууга алуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Ботобаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ынтымак айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Усонов. |