Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 – жылдын 22-июну № 5/3
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысынын айлана чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери боюнча отчетун угуу тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы сессиянын күн тартибиндеги “Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысынын айлана чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери бюонча отчетун угуу тууралуу” маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысынын айлана чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери боюнча отчету канааттандыраарлык деп жактырылсын.
2. Ынтымак айылдык Кеңешинин депутаттары тарабынан сунушталган сунуштарды эске алуу менен төмөндөгү жумуштар аткарууга алынсын:
- жаштарга спорт площадка куруу чараларын көрүү;
- тротуардын курулушун сапаттуу куруу менен тез арада бүтүрүү;
- жол четин тосуп алган жерлерди ачтыруу жана жол четине төгүлгөн таш топурактарды алдыруу;
- ар бир айылдын генпланын иштеп чыгып комиссия отурумунда кароого алуу;
- клубдун патологун оңдоо иштерин жүргүзүү;
- жер адис Э.Касымовдун этикасы начарлыгын эске алуу менен анын жоопкерчилигин кароо;
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдикуловко милдеттендирилсин.
Ынтымак айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Усонов. |