Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 – жылдын 22 - июну № 5/4
2013 – жылдын 1 – кварталына карата Ынтымак айыл округунун бюджетинин аткарылышы боюнча Ынтымак айыл округунун каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын отчетун угуу тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы сессиянын күн тартибиндеги “2013 – жылдын 1 – кварталына карата Ынтымак айыл округунун бюджетинин аткарылышы боюнча Ынтымак айыл округунун каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын отчетун угуу тууралуу” маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013 – жылдын 1 – кварталына карата Ынтымак айыл округунун бюджетинин аткарылышы боюнча Ынтымак айыл округунун каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 22156900 статьясынан “2013 – жыл Иштерман жылына” бөлүнгөн 20 миң (жыйырма миң) сом акча каражаты Кызыл – Кыя төрөт үйүнө жана жаштарды колдоо үчүн бөлүнгөн 20 миң (жыйырма миң) сомунан 10 миң (он миң) сому Ноокат райондук аймактык ооруканасына жардам көрсөтүү үчүн ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл округунун каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Ботобаевага жүктөлсүн.
Ынтымак айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Усонов. |