Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жыллдын 25 декабры № 134
Ош шаардык райондук электр
тармактар (РЭС) ишканасынын
шаарды электр энергиясы менен
үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана
шаардагы жаңы конуштарга
трансформаторлорду орнотуу
боюнча жүргүзүп жаткан иштери
жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылга бекитилген иш-планына ылайык Ош шаардык райондук электр тармактар (РЭС) ишканасынын шаарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана шаардагы жаңы конуштарга трансформаторлорду орнотуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маселени карап, аталган маселе боюнча Ош шаарынын вице мэри И.Ражаповдун жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Сыдыковдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, бул маселе боюнча аталган туруктуу депутаттык комиссиянын 2013-жылдын 9-декабрындагы №8-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык райондук электр тармактар (РЭС) ишканасынын шаарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана шаардагы жаңы конуштарга трансформаторлорду орнотуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маселе боюнча Ош шаарынын вице мэри И.Ражаповдун жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Сыдыковдун билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына электр линияларындагы авариялык бузулууларды азайтып, алдын алуу менен шаар тургундарынын электр энергиясы менен камсыз болуусун жакшыртуу максатында төмөндөгү иш чаралардын Ош шаардык райондук электр тармактар (РЭС) ишканасы тарабынан толук аткарылышын көзөмөлдөө жана ал аракеттердин иш жүзүнө ашырылышына көмөк көрсөтүү милдеттендирилсин:
- Ош шаарынын аймагындагы жаңы конуштардын калкын жеткиликтүү деңгээлде электр энергиясы менен камсыз кылуу маселесин чечүү жана электр тармактарын (ВЛЭП, КЛЭП, ТП) тиешелүү техникалык документтердин негизинде куруу;
- авариялык өчүрүүлөрдүн негизги себептери болгон акыркы 15–20 жыл аралыгында керектөөчүлөр тарабынан өз алдынча курулган, ээси жок аба линияларын жана трансформатордук подстанцияларды талаптагыдай деңгээлде оңдоп-түзөп куруу менен электр камсыздоочу мекеменин карамагына кайтарымсыз өткөрүү;
- Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн ички подьезддик 0,23 жана 0,4 кВ чыңалуудагы тармактарын кечиктирилгис мөөнөттө толук реконструкциялоо жана аларды тейлөө маселесин чечүү;
- электр жабдыктарынын ашыкча күч келүү менен иштөөсүнүн натыйжасында бузулууларга дуушар болуусун четтетүү жана аларды оңдоого жумшалуучу финансалык каражаттарды үнөмдөө максатында Ош шаарындагы жылытуу тармактарынын кызматынан баш тарткан көп кабаттуу үйлөрдү кайрадан толугу менен улоо жана жылуулук берилбеген көп кабаттуу үйлөргө отканаларды куруу маселесин чечүү;
- иштөө мөөнөтүнөн ашыкча пайдаланылган электр обьектилерин (ВЛЭП, КЛЭП, ТП) кайрадан толук оңдоп-түзөө, жаңылоо иш-чараларын жеткиликтүү деңгээлде аткарууга финансалык жактан каржылоону 2014-жылдагы шаардын бюджетине мүмкүнчүлүккө жараша киргизүү.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана «Ош шамы гезитине жарыялансын.
4. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |