Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры № 135
Жашы жетпеген өспүрүмдөр арасында
укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун
алдын алуу боюнча аткарылып жаткан
иш-чаралар жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылга бекитилген иш-планына ылайык жашы жетпеген өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иш-чаралар жөнүндөгү маселени карап, аталган маселе боюнча Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Р.Мирзаматовдун жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы К.Жолдошевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Р.Мирзаматовдун жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы К.Жолдошевдин жашы жетпеген өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иш-чаралар жөнүндөгү маалыматтары эске алынсын.
2. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр инспепкциясынын өздүк курамына кошумча 15 штаттык бирдигин бөлүп берүү жөнүндө Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин атынан Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигине кайрылуу жөнөтүлсүн;
3.Ош шаардык мэриясына (А.Байгазаков):
- өспүрүмдөр үчүн атайын реабилитациялык борборун ачуу боюнча чараларды көрүү тапшырылсын;
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (К. Жолдошев):
- жаш өспүрүмдөр менен алып барылуучу иш чараларды массалык маалымат каражаттары аркылуу үзгүлтүксүз чагылдырып туруу;
- өкмөттүк эмес уюмдардын жаш өспүрүмдөр менен жүргүзгөн иш чараларын өзгөчө көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин;
5. Ош шаардык билим берүү башкармалыгына:
- жеке күзөт агенттиктери менен мектептердин коопсузугун кароо жөнүндөгү мурдагы түзүлгөн келишимдерди жокко чыгарып, аны ички иштер министрлигинин түштүк башкы башкармалыгынын атайын адистештирилген күзөт бөлүгү менен түзүү сунушталсын.
6.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |