Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры № 136
2012-жылдын 18-декабрында депутаттардын
Ош шаардык Кеңешинин кезектеги V сессиясында
кабыл алынган №43-«Ош шаарында жаңы жумуш
орундарын түзүү жана жумушсуздукту жоюу
боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө»
токтомунун аткарылышы тууралуу маалыматтарды
угуу (Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык билим
берүү башкармалыгы, Ош шаардык жаштар, эмгек
жана ишке орноштуруу башкармалыгы)
«2012-жылдын 18-декабрында депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги V сессиясында кабыл алынган №43-«Ош шаарында жаңы жумуш орундарын түзүү жана жумушсуздукту жоюу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө» токтомунун аткарылышы тууралуу маалыматтарды угуу (Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Ош шаардык жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу башкармалыгы)» маселеси боюнча маалымат берүүчү Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Э.Раимкулов сессияга келбегенине байланыштуу сессияда депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. «2012-жылдын 18-декабрында депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги V сессиясында кабыл алынган №43-«Ош шаарында жаңы жумуш орундарын түзүү жана жумушсуздукту жоюу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө» токтомунун аткарылышы тууралуу маалыматтарды угуу (Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Ош шаардык жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу башкармалыгы)» маселеси депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна калтырылсын.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Сабирова) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |