Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры № 138
Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана
кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо
башкармалыгы тарабынан, кыймылсыз
мүлккө укуктарды каттоо жана жерге
ээлик кылуучу документтерин даярдоо
боюнча аткарылып жаткан иштер
жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылга бекитилген иш планына ылайык Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерге ээлик кылуучу документтерин даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маселени карап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун № 26-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы сессияга катышпай калгандыгына байланыштуу, аталган маселе депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна калтырылсын.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жңктълсңн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |