Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-августу № 106
2015-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине кошумча шайлоо комиссияларын түзүү боюнча Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 3-августундагы № 10 жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 5-августундагы № 20 чечимдерин бекитүү жөнүндө
Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 3-августундагы № 10 жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 5-августундагы № 20 кошумча шайлоо комиссияларын түзүү боюнча чечимдерин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 20-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12, 15-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 23-июлундагы № 76 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Бишкек шаарында 39 кошумча шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 3-августундагы № 10 чечими бекитилсин (№ 1 тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Ош шаарында 7 кошумча шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 5-августундагы № 20 чечими бекитилсин (№ 2 тиркеме).
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|