Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры № 139
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу экология жана техникалык
коопсуздук боюнча мамлекеттик
инспекциясынын Ош шаары, Араван,
Кара-Суу, жана Ноокат райондор
аралык башкармалыгы» тарабынан
аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылга бекитилген иш планына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары, Араван, Кара-Суу, жана Ноокат райондор аралык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун № 22-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары, Араван, Кара-Суу, жана Ноокат райондор аралык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндөгү маалымат эске алынсын.
2.«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары, Араван, Кара-Суу, жана Ноокат райондор аралык башкармалыгына (Юсупов.Р.З.) Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 10-августундагы № 248-токтомунун 27-беренесине ылайык Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги курулуштарды текшерип мыйзамдуулугун аныктоо сунушталсын.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |