Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры № 140
Ош шаарындагы №61-«Ак-Каркыра»
муниципалдык балдар бакчасынын
Уставын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Г.Эсенбаеванын Ош шаарындагы №61-«Ак-Каркыра» муниципалдык балдар бакчасынын Уставын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарындагы №61-«Ак-Каркыра» муниципалдык балдар бакчасынын Уставынын долбоору кайтарылып, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, мандат, регламент, этика жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын (Р.Мырзаматов) кароосуна жөнөтүлсүн (тиркелет).
2.Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарында басылып чыксын (Б.Матисаков).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |