Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-декабры № 1-1
Депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жана анын орун басарын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештер жөнүндөгү мыйзамына ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгынын негизинде депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын 2012-жылдын 28-декабрындагы жашыруун добуш берүүсүнүн жана эсептүү комиссиясынын 2012-жылдын 28-декабрындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү пртоколунун негизинде айылдык кеңештин депутаты Абдуллаев Гапар Шамшиевич депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы болуп дайындалсын.
2. Айылдык кеңештин төрагасынын сунушу жана депутаттардын колдоосунун негизинде Амиракулова Марзия Абдуллаевна депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалсын.
3. Депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин регламентин иштеп чыгуу боюнча төмөнкү курамда айылдык кеңештин депутаттарынан турган жумушчу топ түзүлсүн.
Айылдык кеңештин регламентин иштеп чыгуу боюнча түзлгөн жумушчу топтун курамы:
1. Эшматов Азимбек–жумушчу топтун мүчөсү
2. Шамаева Келсинай-жумушчу топтун мүчөсү
3. Калбаев Исматилла-жумушчу топтун мүчөсү
4.Пирматов Тойчубай-жумушчу топтун мүчөсү
5. Козуев Калык-жумушчу топтун мүчөсү
4. Жогоруда түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрүнө айылдык кеңештин кезектеги сессиясына айылдык кеңештин регламентин иштеп чыгуу жагы милдеттендирилсин.
Көк-Жар айылдык кеӊешинин төрагасы |
И. Калбаев |