Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-марты № 3-1
Кок-Жар айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө
КРнын 2013-жылдын 22-февралында «КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын 1-мартынан баштап мыйзам күчүнө киргизилген. «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилсин деп көрсөтүлгөндүгүнө негиз, жогорудагы маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин аймагында жашаган адамдардын басымдуу бөлүгү кыргыз тилдүү болгондугу үчүн айылдык кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомдор же ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого, киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.
2. Айылдык кеңештин сессиясында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого, киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен, токтомдорду расмий тилге которбой, Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы аркылуу КРнын юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, маданият, укук, дин иштери жана депутаттык этика, социалдык, маданий, билим берүү, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |