Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-марты № 3-1-А
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2012-жылда аткарган иштери тууралуу айыл өкмөт башчысынын , жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын отчетторун баалоо, 2013-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитүү, жергиликтүү салыктардын өлчөмүн жана коэффициентин аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынан 2012-жылда аткарылган иштер тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сатыбалдыевдин, жергиликтүү бюджеттин 2012-жылда аткарылышы боюнча ФЭБнин башчысы Т.Исмановдордун отчетторун жана 2013-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоорун угуп жана талкуулап о.э жергиликтүү салыктарды бекитүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 324-беренесинин 1,2,3 – бөлүктөрүнүн негизинде депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынан 2012-жылда аткарылган иштер тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сатыбалдыевдин, жергиликтүү бюджеттин 2012-жылда аткарылышы боюнча ФЭБнин башчысы Т.Исмановдордун отчетторун канааттандырарлык деп табылсын.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2013-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 51890 (элүү бир миллион сегиз жүз токсон миң бир жүз) сом, чыгаша бөлүгү 51890 (элүү бир миллион сегиз жүз токсон миң бир жүз ) сом болуп бекитилсин .
3. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн аймагында 2012-жылга карата жер (айыл чарба багытындагы эмес, жер салыгына) жана мүлк (1,2,3-топтогу) салыгына салыктарды алуу төмөнкү коэфициенттер менен киргизилсин:
- Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгына 1,2 жана мүлк салыгына 1,0 коэфциент;
- Таштанды төлөмү ар бир түтүнгө 75 сомдон болуп белгиленсин.
- Айыл өкмөттүн аймагындагы иштеп жаткан ишканаларда иштеген ар бир адам үчүн бир жылда бир жолу төлөөнүүчү таштанды төлөмү киргизилсин жана анын өлчөмү ар бир адам үчүн 100 (жүз) сом болуп белгиленсин .
4. Тамарка салыгына 1176 (бир миң бир жүз жетимиш алты) кожолукка женилдик берилсин (пенсионерлер, көп балалуу, У.А.М. согуштун катышуучулары, Афганс, Баткен, ЧАЭС, инвалиддер).
5. Жогорудагы салыктардын план боюнча мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Т.Исмановго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин бюджет, соода жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |