Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-апрели № 5-2
Көк-Жар айылдык округунун аймагындагы «Тешик-Таш» ИСКАКБнын жана «Көк-Жар» жайыт комитетинин 2013-жылга карата түзгөн бюджеттерин бекитүү
Көк-Жар айылдык округунун аймагындагы «Тешик-Таш» ИСКАКБнын жетекчиси А.Жаяевдин жана Көк-Жар жайыт комитетинин жетекчиси А.Карабаевдердин 2012-жылда аткарган иштери жөнүндө отчетторун, ошондой эле 2013-жылга карата түзгөн бюджеттерин угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Тешик-Таш» ИСКАКБнын жетекчиси А.Жаяевдин 2012-жылда калкты таза суу менен камсыз кылууда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. «Тешик-Таш» ИСКАКБнын 2013-жыл үчүн түзгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 1 185 090 (бир миллион бир жүз сексен беш миң токсон) сом болуп бекитилсин.
3. «Көк-Жар» жайыт комитетинин 2012-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылып,2013-жылга карата түзгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөр 382 000 (үч жүз сексен эки миң) сом болуп бекитилсин
4. Жогоруда бекитилген бюджеттердин мыйзам чегинде аткаруу жагы «Тешик-Таш» ИСКАКБнын жетекчиси А.Жаяевге жана Көк-Жар жайыт комитетинин төрагасы А.Карабаевдерге милдеттендирилсин.
Көк-Жар айылдык кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |