Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-апрели № 5-3
Айылдык округдун аймагында инвестиция тартууну колдоо тууралуу
Көк-Жар айылдык округунун инфраструктурасын көтөрүү жана айылдык округдун аймагына инвестиция тартууну күчөтүү максатында Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округдун аймагындагы «Жийде-Бурак» мектепке чейинки билим берүү уюмунун Кыргыз Республикасынын түрткө берүүчү грантка жазган долбоорунун суммасы 1284451 (бир млн эки жүз сексен төрт миң төрт жүз элүү бир) сом 10 % дык төлөмдөрү үчүн 128445,1 (бир жүз жыйырма сегиз миң төрт жүз кырк беш сом он тыйын) жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы акча каражаты менен камсыз кылуу айылдык округдун ФЭБнин башчысы Т.Исмановго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, соода жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |