Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-апрели № 5/4
Көк-Жар айылдык округунун аймагында дин иштери боюнча коомдук комитетин түзүү туралуу
Көк-Жар айылдык округунда дин иштери боюнча коомдук комитетин жана анын курамын түзүү тууралуу депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык округунда дин иштери боюнча коомдук комитет түзүлсүн.
2. Дин иштери боюнча коомдук комитетинин курамы төмөнкүдөй болуп бекитилсин.
-Көк-Жар айылдык округунун аймагында, дин иштери боюнча коомдук комитетинин төрайымы–айылдык кеңештин депутаты К.Шамаева;
-Орун басары-айылдык кеңештин депутаты Ж.Ташматов;
Мүчөлөрү:
-Аксакалдар сотунун төрагасы;
Аксакалдар кеңешинин төрагасы;
Аялдар кеңешинин търайымы;
Жаштар комитетинин төрагасы;
Социалдык жактан коргоо адиси;
Ар бир айылдын мечитинин имамдары;
Ар бир айылдагы мектептин директорлору;
Ар бир айылдын айыл башчылары;
Айылдык округдун башчысынын орун басары;
Көк-Жар ПОМдун тиешелүү милиция кызматкерлери
3. Айылдык округунда түзүлгөн дин иштери боюнча коомдук комитетинин 2013-жылга карата иш-чарасы иштелип чыгылсын жана аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Амиракуловага тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |