Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-июну № 6-1
Айылдык округдун аймагында инвестиция тартууну колдоо тууралуу
Көк-Жар айылдык округунун инфраструктурасын көтөрүү жана айылдык округдун аймагында инвестиция тартууну күчөтүү максатында Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округдун аймагында Көк-Жар айылына курулуучу спорт аянтчасына Кыргыз Республикасынын түрткү берүүчү грантына жазылган 2 743 119 (эки миллион жети жүз кырк үч миң бир жүз он тогуз) сомдук долбоорун 10 пайыздык төлөмдөрү үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 274 312 (эки жүз жетимиш төрт миң үч жүз он эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы каралган акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айылдык округунун ФЭБнүн башчысы Т.Исмановго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, сода жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |