Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-июну № 6-3
Жайыт жерлерин башка максатта пайдалануу тууралуу
Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин берген маалыматына карата, айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясынын өткөргөн заседаниесинин протоколун угуп жана талкуулап депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар ЖПБси КРнын 2009-жылдын 26-январындагы № 30 мыйзамына негиз жайыттарды башка максаттарда пайдалануу үчүн жайыт жеринен кум, топурак, шагал, таш ташуу үчүн жүк ташуучу унаалардын ар бир рейсине 50(элүү) сомдон, жайыт жерине бак-дарак тиккендигине 1-3 жылдык дарак үчүн 1га жерге 500 (беш жүз) сомго чейин, 3-5 жылдык дарак үчүн 1га жерге 3000 (үч миң) сомго чейин, балчылыкка 1 ящигине 20 (жыйрма) сом, дары чөптөрүн жыйноого 1кг 50 (элүү) сомго чейин, чөп чабуу үчүн 1га жерге 850 (сегиз жүз элүү) сомго чейин, отун даярдоо үчүн бир сезонго 950 (тогуз жүз элүү) сомго чейин, жайыт акысын төлөөгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууда жайыт мыйзамдарынын негизинде иш алып бару жагы, Көк-Жар жайыт комитетинин төрагасы А.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |