Редакцияот 30.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин 5 (бешинчи) чакырылышынын кезексиз 8 сессиясы

 

2013-жылдын 30-июлу № 8-1

2014-жылдын 1-январынан жер салыгы жана мүлк салыктарын колдонууга киргизүү тууралуу

Көк-Жар айылдык округунда 2014-жылдын 1-январынан баштап, жер салыгы жана мүлк салыктарын колдонууга киргизүү максатында Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 25-июлундагы №4-чечими колдоого алынсын.

2. Көк-Жар айылдык округунда 2014-жылдын 1-январынан баштап, Кыргыз Республикасынын «Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» 17.10.2008-жыл №231-мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын «Салык кодексинин 5-беренесинин 5-бөлүкчөсүнүн талаптарына ылайык 2014-жылдын 1-январынан баштап, жер салыгы жана мүлк салыктары айыл округунун аймагында колдонууга киргизүүгө макулдук берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышынын мыйзамдуулугун кароо жагы, айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Исмановго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Исаковго тапшырылсын.

 

Көк-Жар айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Г. Абдуллаев