Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-декабры № 01-01/70
Кочкор-Ата шаарынын «Жомок» балдар бакчасынын ачылышы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун менчигинде турган «Жомок» балдар бакчасынын ачылыш аземине карата, шаардык Кеңештин депутаттарынын атынан белек берүүнү карап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кочкор-Ата шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун менчигинде турган «Жомок» балдар бакчасынын ачылыш аземине, Кочкор-Ата шаардык Кеңештин түрдүү чыгымдар эсебинен 15 000(он беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын шаардык Кеңештин түрдүү чыгымдар эсебинен камсыз кылып берүү, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары, төраганын милдетин аткаруучу |
А.М.Нусупбеков |