Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-декабры № 01-01/69
Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кесиптик уюмунун чогулушунун протоколу боюнча шаардын вице-мэринин кайрылуу катын жана аялдар комитетинин кайрылуусун карап, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчиликтерин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» 2001-жылдын 2-майындагы № 151 Указына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтомунун ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кесиптик уюмунун чогулушунун протоколу боюнча шаардын вице-мэринин кайрылуу каты жана аялдар комитетинин кайрылуусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын мэри Эгембердиев Кубанычбек Мырзамамытовичке, Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, «Ардактуу атуул» грамотасын даярдоо, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын вице-мэри Немат уулу Жайнака милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары |
А.М.Нусупбеков |