Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-июну № 6-4
Көк-Жар айылдык округунда жер комиссиясынын курамын бекитүү жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерлерди сатуу жана ижарага берүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. I. Көк-Жар айылдык округу боюнча жер комиссиясы төмөнкүдөй курамда:
1. Жер комиссиясынын төрагасы- айылдык кеңештин депутаты С.Миңбаев
2. Жер комиссиясынын төрагасынын орун басары- айылдык кеңешинин депутаты А.Эшматов.
3. Жер комиссиясынын катчысы-Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Маматова.
МҮЧӨЛӨРҮ:
4. Көк-Жар айыл Өкмөтүнүн башчысы-Н.Козуев.
5. Көк-Жар айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары-А.Мамасалиев.
6. Көк-Жар айыл Өкмөтүнүн ФЭБн\н башчысы –Т.Исманов.
7. Көк-Жар айыл Өкмөтүнүн юристи.
8. Көк-Жар айыл Өкмөтүнүндөгү ар бир айылдын айыл башчылары.
9. Ноокат райондук архитектура башкармалыгынын адиси-Н.Абдиев
10. Ноокат райондук архитектура башкармалыгынын адиси-М.Айтиев
11. Өкмөттүк эмес уюмдун өкүлү-Б.Маматалиева
12. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси
13. Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты- Ж.Алибаевдер бекитилсин.
II. Көк-Жар айылдык округу боюнча жер жөнүндөгү тиешелүү маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы жер комиссиясынын төрагасы С.Минбаевге жана бекитилген комиссиясынын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
III. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу максатында, Көк-Жар айылындагы Ош-Исфана жолунун боюнда жайгашкан айыл экмэттүн муниципалдык менчигиндеги бош жаткан 800м2 жер аянтын аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
IV. Айылдык округунун муниципалдык менчигиндеги бош жаткан жерлерди, мыйзам чегинде сатууда, ижарага берүүдө тиешелүү органдар менен иш кагаздарын бүткөрүү жагы айылдык кеңеш тарабынан бекитилген жер комиссиясына жана айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
V. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Амиракуловага тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |