Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-февралы № 153
Депутаттардын Ош шаардык
Кеңешинин 2013-жылдын
28-мартындагы №102-Ош
шаарынын Төлөйкөн айылынын
«Жибекчи» көчөсүнүн атын
өзгөртүү жөнүндө токтомун
жокко чыгаруу жөнүндө
Ош шаарынын Төлөйкөн айылынын “Жибекчи” көчөсүнүн тургундарынын көчөнүн атын Жибекчи бойдон калтырып берүү жөнүндөгү кайрылуу катын карап жана талкуулап чыгып, көчөнүн атын өзгөртүүдө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-майындагы №230-токтому менен бекитилген, Ош шаарындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги обөекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча Жобонун 4-жана 8-пункттарынын талаптары бузулгандыгын, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 28-мартындагы №102 –Ош шаарынын Төлөйкөн айылынын «Жибекчи» көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндөгү токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |