Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 31-марты № 154
Күз-кыш мезгилин ийгиликтүү
өткөрүү боюнча Ош шаарынын
мэриясынын жана тиешелүү
кызматтардын аткарган иштеринин
жыйынтыктары жана аларда орун алган
кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды
көрүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылга бекитилген иш-планына ылайык, күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын жана тиешелүү кызматтардын аткарган иштеринин жыйынтыктары жана аларда орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрүү жөнүндөгү Ош шаарынын вице мэри И.Ражаповдун жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Сыдыковдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, жогоруда аталган туруктуу депутаттык комиссиянын 2014-жылдын 14-мартындагы отурумунун №2-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын жана тиешелүү кызматтардын аткарган иштеринин жыйынтыктары жана аларда орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрүү жөнүндөгү маселе боюнча Ош шаарынын вице мэри И.Ражаповдун жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Сыдыковдун билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) келээрки 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү жана шаарды жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында:
- шаардагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекеме-ишканаларынын (К.Алишеров «Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык ишканасы, А.Аттокуров «Ош жылуулук электр борбору», А.Аматов «Кыргызгазпром» жоопкерчилиги чектелген коомдун «Ошгаз» филиалы, Т.Полотбеков Ош шаардык электр энергиясын сатуу бөлүмү, Д.Сыдыков Ош райондук электр тармактары, Э.Аралиев Ош муниципалдык турак-жай ишканасы, Д.Кокочоров «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасы) кышка даярдык көрүү боюнча атайын иш-чаралардын пландарын иштеп чыгуусун жана планга ылайык кечиктирилгис аракеттерди жүргүзүүсүн камсыздоо;
- иш-чаралардын пландарына магистралдык, кварталдык жылуулук тармактарын реконструкциялоо, отканаларды, жылуулук өткөрүүчү системаларды, шаарды электрэнергиясы менен камсыз кылуучу обьекттерди оңдоп-түзөө, жаңылоо, көмүр, мазут отундарын жетиштүү көлөмдө камдоо иштерин милдеттүү түрдө киргизүүсүн;
- тиешелүү жылуулук-энергетикалык комплекс ишканалары тарабынан керектөөчүлөрдүн дебитордук карыздарын өндүрүү боюнча иш-чаралардын пландарын иштеп чыгып, пландын негизинде жыйноо аракеттерин көрүүсүн;
- трансформаторлордун ашыкча чыңалуу менен иштеп, бузулууларынын алдын алуу максатында күз-кыш мезгилинде электрэнергиясын жылытуу булагы катары пайдалануучу жеке сектордогу калктын арасында отун-көмүр камдоо боюнча шаардагы аймактык кеңештердин, кварталдык, үй комитеттеринин өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү;
- көп кабаттуу турак-жай ээлерине жылуулук энергиясын толук көлөмдө, жоготуусуз пайдалануу үчүн ички жылытуу системаларын талапка ылайык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү зарылдыгын жеткирүүнү;
- саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарынын жылуулук керектөөчү мекемелериндеги кышка карата даярдык иштеринин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин жана Ош шаарынын «Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык ишканасы тарабынан «Батыш-Төлөйкөн» жана «Курманжан Датка» отканаларынын жылуулук жеткирүү түтүктөрүн алмаштыруу боюнча аткарылган иштери үчүн 5 млн. сом акча каражатын бөлүп берүү маселесин карап чыгуу сунушталсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жүктөлсүн.