Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 27-марты № 157
2013-жылда депутаттардын Ош шаардык
Кеңешинин сессияларында кабыл алынган
токтомдордун аткарылышы жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылда болуп өткөн сессияларында кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы боюнча Ош шаардык мэриясынын 2014-жылдын 26-мартындагы №01-2/56 катын карап, Ош шаардык мэриясынын аппарат башчысы А.Осмоновдун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө Ош шаардык мэриясынын аппарат башчысы А.Осмоновдун маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаардык мэриясына: (А.Кадырбаев)
-депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордо милдеттендирилген иш чаралардын өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жана жыйынтыгын депутаттардын Ош шаардык Кеңешине жазуу түрүндө маалымат берип туруу;
- депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессияларынын кароосуна Ош шаардык мэриясы тарабынан сунушталган материалдарды кечиктирбестен өз убагында депутаттардын Ош шаардык Кеңешине тапшырып туруу милдеттендирилсин.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.(К.Жамалов)
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |