Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 27-марты №158
Ош шаарындагы «Боорукердик»
үй-интернатынын коргоого муктаж
болгон жарандарды тейлөө боюнча
аткарып жаткан иштери жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Г.Эсенбаеванын жана Ош шаарындагы «Боорукердик» үй-интернатынын директору Б.Токтосунованын Ош шаарындагы «Боорукердик» үй-интернатынын коргоого муктаж болгон жарандарды тейлөө боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Г.Эсенбаеванын жана Ош шаарындагы «Боорукердик» үй-интернатынын директору Б.Токтосунованын Ош шаарындагы «Боорукердик» үй-интернатынын коргоого муктаж болгон жарандарды тейлөө боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маалыматтары эске алынсын
жана «Боорукердик» үй-интернатынын ишмердигинде олуттуу кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
2.Ош шаардык мэриясы (А.Кадырбаев) жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан (А.Сулуев) «Боорукердик» үй-интернатынын ишин координациялоо жана көзөмөлдөө боюнча өз милдеттери тиешелүү деңгээлде аткарылбай жаткандыгы эскертилсин.
3.Ош шаардык мэриясына (А.Кадырбаев), шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына (А.Сулуев), «Боорукердик» үй-интернатынын директору Б.Токтосуновага тез аранын ичинде анда орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрүп, жыйынтыгын депутаттардын Ош шаардык Кеңешине билдирүү милдеттендирилсин.
4.Тиешелүү укук коргоо органдарына «Боорукердик» үй-интернатындагы мыйзам бузууларды текшерип, жыйынтыгын депутаттардын Ош шаардык Кеңешине билдирүү тапшырылсын.
5. Боорукердик үй-интернатынын иши боюнча маселе алты айдан кийин кайрадан шаардык Кеңештин кароосуна киргизилсин.
6.Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Сапаралиев) жана шаардык «Ош шамы» гезитине жарыялансын (К.Жамалов).
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) тапшырылсын.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңештин төрагасы: |
У.Примов |