Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 27-марты № 159
Кыргыз Республикасынын өзгөчө
кырдаалдар министрлигинин
Ош шаардык башкармалыгынын
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу
боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Н.Баймуратов сессияга келбегендигине байланыштуу жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маселе депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясынын кароосуна калтырылсын.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңештин төрагасы: |
У.Примов |