Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 27-марты № 160
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо
жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик
агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы
тарабынан Ош шаарында курчап турган
чөйрөнү коргоо боюнча аткарылып жаткан
иштер жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы тарабынан Ош шаарында курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө башкармалыктын бөлүм башчысы А.Чынкараевдин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 13-мартындагы отурумунун №2-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы тарабынан Ош шаарында курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө башкармалыктын бөлүм башчысы А.Чынкараевдин маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгына бир кошумча штат ачуу маселесин карап чыгуу жагы сунушталсын.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |