Редакцияот 31.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Жерге-Тал айылдык Кеңешинин XXV чакырылышынын VIII сессиясы

 

2013-жылдын 31–июлу № 7

Жерге-Тал айылынын административдик аймагына жер салыгын жана 1,2,3,4 тайпадагы мүлк салыгынын обьектилерин киргизүү жана Кз зоналдык коэфициентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизуу жонундогу” № 231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун жана “Салык Кодексинин” 339 беренесинин 4 пунктунун негизинде, Жер-Тал айылынын административдик аймагында, Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинде” корсотулгон жергиликтуу салыктарды сактап калуу жана жергиликтуу бюджеттин киреше болугун толтуруу максатында, депутаттардын Жерге-Тал айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1-январь 2014-жылдан баштап Жерге-Тал айылынын административдик аймагында салыктын томондогу турлору киргизилсин:

- айыл чарба жерлерин пайдалангандык учун жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык учун жер салыгы, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык учун жер салыгы;

- 1,2,3,4 тайпадагы мулк обьектилеринин мулк салыгы;

- Кз зоналдык коэфициенти 1,0 олчомундо бекитилсин;

2. Салыктык эсептер томондогу тартипте журугзулсун:

- жер салыгы жана 1,2,3,4 тайпадагы мулк обьектилеринин мулк салыгы Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” негизинде.

3. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизуу учун Нарын облустук адилет башкармалыгына жиберилсин.

4. Токтом 1-январь 2014-жылдан баштап кучуно кирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Жерге-Тал айыл аймактык окмотунун башчысы Жумабекова Шекерге тапшырылсын.

 

Эл депутаттардын Жерге-Тал айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Исаков