МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Мин-Булак айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 7 сессиясы
2013-жылдын 27–августу № 1
Мин-Булак айылынын админитсративдик аймагына жер салыгын жана 1,2,3,4 тайпадагы мүлк салыгынын обьектилерин киргизүү жана Кз зоналдык коэфициентин бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү” № 231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун жана “Салык Кодексинин” 339 беренесинин 4 пунктунун негизинде, Мин-Булак айылынын административдик аймагында, Кыргыз Репсубликасынын “Салык Кодексинде” көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында, депутаттардын Мин-Булак айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-январь 2014-жылдан баштап Мин-Булак айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:
- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
- 1,2,3,4 тапйадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы;
- Кз зоналдык коэфициенти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин;
2. Салыктык эсептер төмөндөгү тартипте жүргүзүлсүн:
- жер салыгы жана 1,2,3,4 тайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” негизинде.
3. Бул токто каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук адилет башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом 1-январь 2014-жылдан баштап күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Өмүралиевге тапшырылсын.
Мин-Булак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Анкашов Т. |