Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Эмгекчил айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын IV сессиясы
2013-жылдын 28–июну № 2
Эмгекчил айылынын административдик аймагына жер салыгын жана 1,2,3,4 тайпадагы мүлк салыгынын обьектилерин киргизүү жана Кз зоналдык коэфициентин бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» № 231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун жана «Салык Кодексинин» 339 беренесинин 4 пунктунун негизинде, Эмгекчил айылынын административдик аймагында, Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше толтуруу максатында, депутаттардын Эмгекчил айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-январь 2014-жылдан баштап Эмгекчил айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:
- айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
- 1,2,3,4 тайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы;
- Кз зоналдык коэфициенти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин;
2. Салыктык эсептер төмөндөгүтартипте жүргүзүлсүн:
- жер салыгы жана 1,2,3,4 тайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” негизинде.
3. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук адилет башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом 1-январь 2014-жылдан баштап күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Өскөнбаевге тапшырылсын.
Эмгекчил айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Мусаев |