Редакцияот 12.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Орток айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын 9 сессиясы

 

2013-жылдын 12–июлу № 2

Орток айылынын административдик аймагына жер салыгын жана 1,2,3,4 тайпадагы мулк салыгынын обьектилерин киргизүү жана Кз зоналдык коэфициентин бекитуу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» № 231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун жана «Салык Кодексинин» 339 беренесинин 4 пунктунун негизинде, Орток айылынын административдик аймагында, Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше толтуруу максатында, депутаттардын Орток айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1-январь 2014-жылдан баштап Орток айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:

- айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы;

- 1,2,3,4 тайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы;

- Кз зоналдык коэфициенти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин;

2. Салыктык эсептер төмөндөгү тартипте жүргүзүлсүн:

- жер салыгы жана 1,2,3,4 тайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” негизинде.

3. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук адилет башкармалыгына жиберилсин.

4. Токтом 1-январь 2014-жылдан баштап күчүнө кирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Турдалиевге тапшырылсын.

 

Орток айыл аймагынын айылдык кеӊешинин төрагасы

 

О. Аалиев