Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Учкун айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын 6 сессиясы
2013-жылдын 9–сентябры № 7
Учкун айылынын административдик аймагына жер салыгын жана 1,2,3,4 тайпадагы мүлк салыгынын обьектилерин киргизүү жана Кз зоналдык коэфициентин бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» № 231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун жана «Салык Кодексинин» 339 беренесинин 4 пунктунун негизинде, Учкун айылынын административдик аймагында, Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше толтуруу максатында, депутаттардын Учкун айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-январь 2014-жылдан баштап Учкун айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:
- айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы;
- 1,2,3,4 тайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы;
- Кз зоналдык коэфициенти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин;
2. Салыктык эсептер төмөндөгү тартипте жүргүзүлсүн:
- жер салыгы жана 1,2,3,4 тайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” негизинде.
3. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук адилет башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом 1-январь 2014-жылдан баштап күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Учкун айыл аймактык өкмөтүнүн башчысы Ж. Мудуновго тапшырылсын.
Эл депутаттардын Учкун айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Осмоналиев |