Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-сентябры № 3
“Жергиликтүү административтик аймагына” жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топторуна Кыргыз Республикасынын 17 октябрь 2008-жылдагы № 231 мыйзамын аткаруу менен Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кз зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү административтик аймагына” жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топторуна Кыргыз Республикасынын 17 октябрь 2008-жылдагы № 231 мыйзамын аткаруу менен Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кз зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө, Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.2014-жылдын 1-январынын Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Жергиликтүү административдик аймагына” төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин:
- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, калктуу Конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, короо багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын;
- мүлк салыгынын 1, 2, 3, 4 топтогу обьектилерин;
- Кз зоналык коэффициенти 1 % өлчөмүндө бекитилсин.
2. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктарга бекитилсин:
- жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1, 2, 3 топтогу обьектилерине Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык Кз зоналык коэфициентти эске алуу менен жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүүгө жана каттоого алууга Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына жана көзөмөлгө алууга Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн-мекемесинин башчысына жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагын өзүмө калтырамын.
Чаек айыл аймагынын айылдык Кещешинин төрагасы |
А. Бөдөшбеков |