КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кызыл-Жылдыз айылдык Кещешинин кезектеги X сессиясы
2013-жылдын 1-октябры № 18
«Жергиликтүү административдик аймагына» жер салыгын жана мүлк салыгынын 1.2.3 топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы №231 мыйзамын аткаруу менен Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кз зоналык коээфиценттин бекитүү жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАМ
1. 2014-январынан Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн «Жергиликтүү административдик аймагына» төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин:
- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын,
- мүлк салыгынын 1,2,3,4 топтогу обьектилерин,
- Кз зоналык коэффициенти Кз 1 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктарга бекитилсин.
Жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1,2,3 топтогу обьектилерине Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин талаптарына ылайык, Кз зоналык коэффиценти эске алуу менен жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүүгө жана каттоого алууга Нарын облусттук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.2014-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө кирсин.
5.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлгө алууга Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Кызыл-Жылдыз айылдык Кещешинин төрайымы |
Г.Калмаматова |
Катчысы | А.Байбагышова |