Редакцияот 11.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы

 

2013-жылдын 11 – сентябры № 6

«Жергиликтүү административдик аймагына» жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы № 231 Мыйзамын аткаруу менен Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин икреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кз зоналык коэффицентин бекитүү жөнүндө

«Жергиликтүү административдик аймагына» жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы № 231 Мыйзамын аткаруу менен Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин икреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кз зоналык коэффицентин бекитүү жөнүндө Таш-Дөбө айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 1-январынан Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Жергиликтүү административдик аймагына” төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин:

- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын;

- мүлк салыгыны 1,2,3,4 топтогу объектилерин;

- Кз зоналык коэффиценти 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктарга бекитилсин.

- жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1,2,3 топтогу объектилерине Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык Кз зоналык коэффицентин эске алуу менен жүргүзүлсүн.

3. Бул токтом мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүүгө жана каттоого алууга Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. 2014-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө кирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлгө алуу жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Бийсеевке милдеттендирилсин.

 

Таш-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеӊешинин төрагасы

 

О.Б. Салидинов

 

Кеңештин катчысы

Р.К. Саткынова