ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык Кенешинин IX сессиясы
2013-жылдын 14-сентябры № 9/1
Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл аймагынын административдик аймагында жер салыгын, мүлк салыгын киргизүү жана 1,2,3-топ боюнча объетилердин мүлк салыгы жана Кз-зоналдык коэффициентти бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 17.10.2013-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү” №231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл аймагынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинде” көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактоо жана салык төлөмдөрдү көбөйтүү менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Жерге-Тал айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛЫТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан баштап Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл аймагынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:
- айыл чарбасына багытталган жерлердин жер салыгы, короо жай алдындагы багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, айыл чарбасына багытталбаган жердин салыгы;
-1,2,3-топ боюнча объектилеринин мүлк салыгы.
2. Кз-зоналдык коэффициентинин мааниси 1,0 өлчөмдө бекитилсин.
3. Жер салыгынын 1,2,3-топ боюнча объектилеринин мүлк салыгынын салыктык эсептери Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” негизинде жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Нарын облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом 1-январь 2014-жылдан баштап күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мамлекеттик салык кызматынын Ак-Талаа району боюнча башкармалыгына Б.А. Мусабековго тапшырылсын.
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Кубат уулу М |